Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Акча салынган терминалды уурдап кеткендер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бир нече күн мурун коменданттык саат убагында акча салынган терминалды уурдап кеткен үч кишини кармашты. Учурда алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалган топтун башка иштерге тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.

6-апрелде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына баасы 1,5 миң долларлык терминалдын ээси кайрылып, белгисиз бирөөлөр ичинде 61 500 сом салынган терминалын көтөрүп кеткенин айтып, арыз жазган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Кечки 8ден таңкы 7ге чейин көчөгө чыкканга болбойт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG