Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

СОVID-19: Беларуста футбол боюнча улуттук чемпионат уланып жатат


Дарыгерлер Беларус мамлекеттик университетинин жатаканасынан коронавирус жуккан студентти алып чыгып баратышат. 13-март, 2020-жыл.
Дарыгерлер Беларус мамлекеттик университетинин жатаканасынан коронавирус жуккан студентти алып чыгып баратышат. 13-март, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына карабай Беларуста футбол боюнча улуттук чемпионат уланып жатат. 12-апрелде Брест шаарында өткөн таймашка миңден ашуун көрүүчү барды. «Динамо-Брест» командасы «Ислочь» командасын жеңди. Ушул эле күнү баш калаа Минскиде жана Борисов шаарларында да мелдештер өттү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Патрик О'Коннор беларус бийлигине кайрылып, өлкөдө коронавирус инфекциясы күч алып кетиши ыктымал экенин эскертти. Эл аралык эксперттер Минскини кооптуу абалдын алын алып, өлкөдө ооруканаларды талаптагыдай деңгээлде даярдоого үндөштү.

ДССУнун эксперттер тобунун адистери 9-майга белгиленген Жеңиш парадын жана башка иш-чараларды да токтотуу зарыл экенин айтышты.

13-апрелге карата Беларуста 2600дөй адам коронавирус жугузуп алган. Илдеттен 26 киши көз жумду.

Беларустан тышкары пандемия маалында футбол таймаштары Түркмөнстанда, Тажикстанда, Никарагуада жана Бурундиде гана өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG