Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Ташбоо Жумагуловдун сөөгү жерге берилди


Ташбоо Жумагулов.
Ташбоо Жумагулов.

Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагуловдун сөөгү 13-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Жумагулов узакка созулган оорудан кийин 6-апрелде 70 жаш курагында Москва шаарында ооруканада каза болгон.

12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин атынан некролог жарыяланып, Жумагулов жооптуу жетекчи кызматтарды аркалап, өзүнүн жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, мекенчил сезимин, атуулдук жоопкерчилигин татыктуу көрсөтө алганы айтылды.

Анда «Ташбоо Жумагулов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин башкарган жылдарда мамлекеттик тил саясатына жаңы дем берип, баркы көтөрүлүп, аны өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөн. Улуттук тилдин маселелерин көтөрүү жана жайылтуу менен мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө, коомдук турмушубузда кеңири кулач жайылышына өзгөчө салым кошту.

Ташбоо Рахманбердиевич Жумагулов адамкерчилиги, кең пейилдиги, мекенчилдиги, чечкиндүүлүгү жана тубаса чечендиги менен айырмаланган ар тараптуу инсан катары замандаштарынын эсинде калды» деп жазылды.

Жумагулов эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган, бир катар жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору болгон.

Ал 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп иштеген. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл эмгектенген. (RK)

XS
SM
MD
LG