43 жаштагы кыргызстандык С. А. аттуу жаран Новосибирск шаарында убактылуу жашап, ооруканада жаткан. Анын өлүмүнө оор онкологиялык оорусу себеп болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиянын Новосибирск облусундагы башкы консулдугу маалымдады. Анда ошондой эле айрым маалымат каражаттарында жана соцтармактарда «ал Новосибирск аэропортунда учак күтүп жатып, каза тапты» деп жазылган маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгы да кабарланган.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү анын туугандарынын макулдугу менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын колдоосунда 6-апрелде Новосибирск шаарынын мусулмандар көрүстөнүнө коюлган.
Башкы консулдук Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтарды жарыялоодон оолак болууга жана расмий булактарга гана таянууга үндөгөн.
Новосибирскиден үч кыргызстандыктын сөөгү 11-апрелде автоунаа менен Казакстандын аймагы аркылуу мекенине жиберилгенин консулдук 13-апрелде маалымдаган. (ZKo)