Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Cүрөтчү Данакан Адашканова дүйнөдөн кайтты


Данакан Адашканова.
Данакан Адашканова.

Белгилүү кыргызстандык сүрөтчү Данакан Адашканова 13-апрелде 69 жашында жүрөгү кармап каза болду.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер Адашканова 1951-жылы Ош облусунун Сары-Камыш айылында туулган. Бишкектеги С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, кийин Ленинградда И. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. СССРдин Көркөм академиясындагы чыгармачыл өнөрканада билим алган. Анын эмгектери республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө коюлган.

1978-1992-жылдары Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп иштеген. 1988-жылы СССРдин жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү болгон.

Сүрөтчүнүн эмгектери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жана КМШ мамлекеттеринин (Алупка, Магнитогорск, Санкт-Петербург шаарлары) музейлеринде коюлган.

Ошондой эле Адашканова тарткан сүрөттөр Канада, Германия, Түркия, Голландия, Жапония, Венгрия, Литва, Италия, АКШ жана башка мамлекеттерде жеке коллекцияларда сакталып турат.

Данакан Адашканова «Руханият» эл аралык сыйлыгы жана эл аралык Өнөр академиясынын «Наталия Сац» медалы менен сыйланган. (RK)

XS
SM
MD
LG