Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Депутат Акаев: сын айткандарды кечирим сураткандар жооп берет


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев күч органдарын өз укуктарынан ашыкча пайдаланбоого чакырып, сын айткан адамдарды кечирим суратып жатканын айыптады. Эл өкүлү видео кайрылуу таратып, коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып басым-кысым кылгандар эртели-кеч жооп берерин эскертти:

«Улут аралык кастыкты козуткан же будуң-чаң салган билдирүүлөр болсо туура түшүнмөкпүз. Бирок сын айткан адамдын баарын кечирим суратып, аны Интернетке чыгаруу баатырдык эмес. Коронавирус илдети бүткөндөн кийин ИИМ болобу, УКМК болобу канча адамды куугунтуктадыңар - бул үчүн жооп бересиңер. Бул унутулуп калбайт. Жоопкерчилик маселесин карайбыз. Бизде ар ким оюн эркин айтканга, Интернетке жазганга укугу бар».

Акаев саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтерди айтып чыккан дарыгерлер да күч кызматкерлеринин куугунтугуна кабылып жатканын кошумчалады.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал жарыялангандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «фейк жана жалган маалымат таратты» деген негизде 20дан ашуун адамды кармады. Атайын кызмат кармалгандар туура эмес маалымат таратканын айтып, элден кечирим сураган видеолорун жарыялап жатат.

Жакында эле Ысык Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери Бектур Апышев «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тарады. Соцтармактарда «Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду» деген пикир басымдуулук кылып, #БекТур деген хэштег пайда болду.

Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерин ишиндеги көйгөйдү айтып чыккан үчүн кечирим суратуу туура эмес экенин билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG