Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Чек ара кызматы Раззаков айылында жүргөн тажик чек арачылары боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы социалдык тармактарга чыккан «Лейлек районунун Раззаков айылында Тажикстандын чек арачылары ээн-эркин басып жүрөт» деген видео боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, 12-апрелде саат 15:10до кыргыз-тажик чек арачылары коронавируска каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөк. Бирок ал 14-апрелге жылдырылып Тажикстандын чек арачылары кайра кайтышкан. Видео ошол учурда тартылган.

Мамлекеттик чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагы менен кетүүгө уруксат алышканын, алардын куралы жок болгонун билдирди. Ушу тапта эки өлкө ортосундагы чек арада абал туруктуу.

13-апрелде социалдык тармактарда Лейлек районунун Раззаков айылында Тажикстандын чек арачылары жүргөнү тууралуу 30 секундалык тасма тарады. Видеодо аскердик кийимчен алты киши көчө бойлой басып баратканын көрүүгө болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG