Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Грузиянын мурдагы коргоо министри беш жылга кесилди


Ираклий Окруашвили.
Ираклий Окруашвили.

Грузиянын мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили беш жылга эркинен ажыратылды. Тбилисинин соту аны былтыр 21-июнда парламент имаратын басып алууга тиешеси бар деп тапты. 2019-жылы жайында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, коммунист Сергей Гаврилов грузин парламентини спикеринин ордуна отургандан кийин оппозициялык активисттер нааразылыкка чыгышкан.

Демонстранттар парламентти курчоого алганда жүздөгөн киши оор жарадар болгон. Полиция митингчилерди токтотуп калган. Андан соң Грузиянын Башкы прокуратурасы бир катар оппозициялык лидерлерге каршы кылмыш иштерин козгогон.

«Бириккен оппозициянын» башка лидерлери, анын ичинде экс-президент Михаил Саакашвилинин «Бирдиктүү улуттук кыймылы» өлкө бийлиги «оппозициялык күчтөрдү басууга аракет кылууда» деп сындаган.

Ираклий Окруашвили Грузияда коргоо министри болуп 2004-2006-жылдары иштеген.

XS
SM
MD
LG