Кошмо Штаттарда жана Европа мамлекеттеринде коронавируска чалдыккандар жана андан өлгөндөр азая баштады. Буга байланыштуу Европа өлкөлөрү экономиканы кайра жандантуунун чарасын көрүп жатышат.
Ошол эле кезде саламаттык сактоо мекемелери коронавируска каршы киргизилген чектөөлөрдү тез эле жумшартып жиберүү вирустун жаңы толкунун пайда кылышы мүмкүн экенин эскертишти.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 вирусу 1,9 млн. кишиге жугуп, 119 миңдей адам каза болду.
Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдүн айынан АКШда акыркы үч аптада 17 млн. киши жумушсуз калды. 13-апрелге карата бул өлкөдө вирус 682 миң адамга жугуп, 23 миңден көп киши каза болду.