Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

ДССУ Кыргызстандын 96 лаборантын аралыктан окутту


Лаборанттарды аралыктан окутуу.
Лаборанттарды аралыктан окутуу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандын 96 лаборантын COVID-19 вирусун лабораториялык диагностикалоо боюнча аралыктан окутту.

Бул дистанттык окутууга полимераздык чынжырдуу реакция (ПЧР) техникасын билген адистер тартылды. Улуттук фтизиатрия борборунун, СПИД борборунун, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун кызматкерлери окутулду.

Андан тышкары окутулгандардын арасында Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жеке лабораториялардын адистери да бар.

Тренингде адистер лабораториялык шартта жана өзгөчө кооптуу материалдар менен иштөөдө биологиялык коопсуздуктун негиздерин үйрөнүштү. Аларга COVID-19га полимераздык чынжырдуу реакция менен изилдөө жүргүзүү, анализдин үлгүлөрүн чогултуу, ташып жеткирүү боюнча тасмалар көрсөтүлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG