Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Текебаев: ЕАЭБ ушундай оор кырдаалда сыналып, тагдыры чечилет

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө коронавирус жугуп калган кыргызстандыктар ошол мамлекеттерде бекер дарыланышы керек деп эсептейт. Саясатчы Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен ушундай келишимге жетишиши керек экенин айтты. 

«Союз, достук ушундай оор кырдаалда аныкталып, тагдыры чечилет. Орусияга «эгерде чын эле союздаш, дос болсоң биздин ооруп калган жарандарыбызды өзүңдүн жарандарыңдай карап, көз сал» деп айта турган мезгил келди», - деди ал «Жалбырак ТВ» каналына берген комментарийинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түрк кеңешинин курамындагы мамлекеттердин жетекчилеринен онлайн өткөн жыйында кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү суранган.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыктагы» маегинде COVID-19 вирусуна байланыштуу шартта Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) дараметин көргөзө албай жатканын айткан.  (BTo)

XS
SM
MD
LG