Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:37

COVID-19: Кыргызстанда оорунун туу чокусу 20-24-апрель болору божомолдонду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, божомол жүргүзүш үчүн атайын эксперттик топ иштеп жатат.

«20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби, оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдеттин алдын алуу иштерине өтөт элек», - деди ал.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды. Муну адистер оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздөөдө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG