Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Дарыгерлердин илдетке чалдыгышы иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Бука районундагы ооруканада дарыгерлер COVID-19 вирусун жугузуп алганын иликтөө иши аягына чыкты. Эми Ош шаарындагылар жана башка жактагылар иликтенүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, дарыгерлердин ооруга чалдыкканын иликтөө - дүйнөлүк практика, бул жерде башка себеп жок.

14-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагынын 79 кызматкери коронавируска чалдыккан. Алардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG