Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Турсунбеков өкмөттү «аткезчилерге жалдырап жатасыңар» деп сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков парламент комитетинде өкмөт элди ун менен камсыз кылыш үчүн аткезчилер менен сүйлөшүп жатканын билдирди:

«Угуп атабыз, дал ошол аткезчилерди чакырып алып, «ун алып келгиле, таратып жиберели» деп жатасыңар. Алар силер жалдырабасаңар деле алып келишет, анткени аткезчилик аларга керек. Казакстан унду чыгарбай жатканы үчүн гана унчукпай отурушат».

Чыныбай Турсунбеков өкмөт ун жана ун азыктарынын баасын да жасалма кармоого аракеттенип жатканын айтып, сынга алды. Анын сөзүнө караганда, Монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан коюлган ундун баасы буудайдын баасынан айырмасы жок болуп калган. Депутат макарондун баасында да ушул акыбал экенин белгилеп, бааларды коюуда, ишкерлерден бааны көтөрбөөнү талап кылууда ишкерлердин да пикирин сурап коюуну талап кылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «ун баштаган бир катар азыктардын баасын көтөрбөө тууралуу талап - өзгөчө абалга чейин иштелип чыккан баалар, бул маселе дагы каралат» деп жооп берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG