Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Дүйшөмбиев: Мурдагы министр Чолпонбаевге эскертүү берилген


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин парламент комитетинде билдиргени боюнча, мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн прокурорлук эскертүү берилген.

«Андан тышкары да бир нече эскертүүлөр берилген. Комитет чечимдеринин негизинде сунуш берсеңер прокуратура карайбыз», - деди Нурлан Дүйшөмбиев.

Мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартуу маселесин 14-апрелде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев Чолпонбаевди «Кыргызстанда коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөн жок» деп сындады. Ушундай эле жүйө менен Чолпонбаевди жоопко тартуу зарыл экенин депутат Искендер Матраимов да айтып кетти.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 14-апрелде кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө абал учурундагы иши тууралуу маалыматын угуп жатат. Күн тартибинде экономикалык, саламаттыкты сактоо, сырттагы кыргызстандык жарандарды мекенге алып келүү жана башка маселелер коюлган.

Депутаттарга 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт мүчөлөрү маалымат берип жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG