Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да 15-апрелден тартып өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Расмий маалыматка караганда, 18-марттан 14-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 430 адамдан табылды. Алардын бешөө Нарын шаарында, 19у Ат-Башыда.
Аталган эки аймакта өзгөчө абал 15-апрелде саат 08.00дөн баштап 30-апрелдин саат 08.00үнө чейин болот. Ал жакка комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалды.
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. 14-апрелде президенттин жарлыгы менен бул мөөнөт 30-апрелге чейин узартылды.
14-апрелге карата оору жуккан 430 адамдын бешөө каза болду, 71 бейтап айыгып чыкты.
Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды узартуу тууралуу сунушун оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздеген. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин күчөшү туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат. (RK)