Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Жээнчороев: Салык төлөө мөөнөтүн узартуу – элди карызга батыруу

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү кааласа, өкмөт аларды салыктан өзгөчө абал учурунда бошотууга тийиш деп эсептейт. Бул тууралуу депутат 14-апрелде парламент комитеттеринин жыйынында айтып кетти. Ал өкмөттү ишкерлерди жана дыйкандарды колдоо үчүн салыктарды токтотуп, насыя акчаны күрөөсүз берүү зарыл экенин белгиледи. Мындан тышкары газдын кымбатташын кырдаалдан пайдаланып, туйтунуу аракети деп баалады:

«Карапайым газ колдонуучуларга 2 сом 65 тыйын деп баа чектептир. Ишканаларга андан да кымбат. Ишканалар азыр ансыз да иштебей, куруп отурса, кантип төлөйт? Доллардын кымбаттаганы газды анчалык көтөрүүгө себеп болуп бербейт». 

Орусиялык «Газпром» компаниясы Өзбекстандан газды дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга газдын ар бир кубун 250 доллардан сатат. Ошол эле кезде Тажикстан Өзбекстандан эки тараптуу келишимге ылайык газдын бир кубун 120 доллардан сатып алат. Орусиянын «Газпром» компаниясы «Кыргызгазды» шарттуу түрдө бир долларга сатып алып, «Газпром - Кыргызстан» ишканасын түзгөн.

14-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйынында өкмөт өзгөчө кырдаалдагы иши тууралу маалымат берүүдө. Айрым депутаттар салык төлөө мөөнөтү үч айга жылдырылганы менен, төрт айдыкын чогуу төлөө талап кылынып жатышканын айтышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG