Коронавируска каршы республикалык штаб жана жер-жерлердеги комендатуралар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек. Президенттик аппарат ушундай сунуш киргизгени 14-апрелде маалым болду.
Өз сунушунда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү журналисттерди өзгөчө абал учурунда аккредитациялоо маселеси кайра каралышы зарыл экенин белгиледи.
Президенттик аппараттын маалыматында «муну менен бирге ооруп калгандар көбөйүп кеткендиктен ЖМК өкүлдөрүнөн өз ишин пандемия шартында коопсуздук эрежелерин катуу сактап, саламаттыгын тобокелге салбай жүргүзүүнү суранабыз. Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн онлайн брифингдери өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз» деп айтылат.
18-марттан 14-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.
Ооруга байланыштуу көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.
Бийликтин мындай чектөөсү журналисттерди нааразы кылган.
Алгач 25-марттан 15-апрелге чейин жарыяланган өзгөчө абал эми 30-апрелге чейин узартылды. (RK)