Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:06

Аба ырайы: туман каптап, жаан жаайт


Бишкек.
Бишкек.

15-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.

XS
SM
MD
LG