Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Чернобыль АЭСинин аймагына чейин жеткен өрт үчүн экинчи шектүү кармалды


Чернобыль АЭСинин аймагындагы өрт 4-апрелде башталган.
Чернобыль АЭСинин аймагындагы өрт 4-апрелде башталган.

Украинада полиция тосулуп турган Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагына жеткен өрткө тиешеси бар деп шек саналган экинчи адам кармалганын, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ага ылайык, ошол жерге жакын айылдын 37 жаштагы тургуну өзүнүн үйүнүн жанындагы таштандыны өрттөгөн. Андан кийин ысык күлдү айылдын сыртына алып барып төккөн. Натыйжада ошол жердеги кургак чөп күйө баштаган, бирок күл төккөн адам бул тууралуу өрт өчүрүү кызматына кабарлаган эмес, өзү аракет кылып, өчүрө албай койгон. Тилсиз жоо айылдын жанындагы токойго, андан ары Чернобыль АЭСинин аймагына чейин жеткен.

Буга чейин өрткө байланыштуу Раговка айылынын 27 жаштагы тургуну кармалган жана ал каралбай калган ферманын жанындагы чөпкө атайылап өрт койгону айтылган.

Чернобыль АЭСинин аймагындагы өрт 4-апрелде башталган. Соңку маалымат боюнча, ушул тушта ал 1986-жылы кырсыкта жабыркаган төртүнчү энергоблоктун өндүрүш аймагына жетип калды. Өрт станциянын батыш тарабынан бери көздөй келе жатат жана түштүк тарабында да өрттүн жаңы очогу пайда болду.

Маалыматтарга караганда өрт 1986-жылкы кырсыктан кийин ээн калган Припять шаары менен уулуу таштандылар көмүлгөн жайга жакындап калды.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG