Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

Халилзад «Талибан» менен тынчтык келишимин ишке ашырууну талкуулады


Жыл башында АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон.
Жыл башында АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад 13-апрелде Катардын борбору Доха шаарында «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолукту. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин «Твиттердеги» баракчасына молдо Абдул Гани Барадар менен Залмай Халилзад жана АКШ армиясынын генералы Скоттт Миллер кездешкенин, анда тараптар тынчтык келишимин «толугу менен аткарууну» талкуулашканын жазды. Ошондой эле туткундарды бошотуу жараяны кечеңдеп жатканы жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Ооган бийлиги 8-апрелде «Талибан» кыймылынын 100 жоочусун бошоткон. Халилзад туткундарды бошотуу жараянын тынчтык келишимин ишке ашыруудагы жана оогандардын ички диалогун баштоодогу негизги кадам деп сыпаттаган.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болду. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG