Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргыз-тажик чек арасында коронавирустун алдын алуу чаралары талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары коронавирустун жайылышынын алдын алуу маселелерин талкуулашты. 14-апрелде Саада тилкесинде, андан кийин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагынын Сай айылында эки өлкөнүн чек арачыларынын жолугушуусу болуп өткөнүн Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, COVID-19 вирусун жайылтпоо максатында көрүлүп жаткан кошумча чаралар тууралуу сөз болду.

Эл көп отурукташкан чектеш айылдарда оорунун бири-бирине жугуу коркунучу көп болгондуктан ал жерлерге кошумча чек арачылар тобу жөнөтүлгөн.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 430 адамдан табылды, алардын бешөө Баткен облусунда.

Тажик бийлиги «өлкөдө коронавируска чалдыккандар жок» деп билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG