Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Баткенде айыл чарбасы үшүктөн 480 млн. сомдук зыян тартты


Үшүк урган коро (өрүк). Баткен. 14-апрель, 2020-жыл.
Үшүк урган коро (өрүк). Баткен. 14-апрель, 2020-жыл.

Баткен өрөөнүндө 9-10-апрель күндөрүндө жааган кардын жана үшүктүн айыл чарбасына келтирген зыянын облустук комиссия эсептеп чыкты. Комиссиянын жыйынтыгына караганда, облус боюнча 1971 гектар аянттагы өрүк, алма, шабдалы жана башка мөмөлүү дарактардын түшүмү жараксыз болуп калган. Анын жалпы чыгымы орточо 480 млн. сомго бааланууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Баткен облусунда 7 миң гектардан ашык өрүк бактары бар. Андан түшкөн жылдык киреше орто эсеп менен 8 млрд. сомго жетери айтылып жүрөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG