Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

«Эркечтам» өткөрмө бекетинен жүк ташууга уруксат берилди


«Торугарт» чек ара бекети.
«Торугарт» чек ара бекети.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилип, оор жүк ташыган автоунаалар үчүн ачылды. Эки тарап 14-апрелде ушундай келишимге келгенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бирок адамдардын өтүүсүнө чектөө алынган жок.

Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы дагы бир «Торугарт» бекетин ачуу эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө үчүн 24-январда жабылган.

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу 2-февралда бул убакытты дагы узартып, Кытай менен болгон аба каттамдарын толук токтоткон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG