Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалды узартууну карайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

15-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карайт.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка 14-апрелде кол койгон.

Себеби, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус көп катталган үч шаар, үч райондо өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде парламенттин эки комитети коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын уккан. Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID -19 жуккан 430 адам бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү өзгөчө абал киргизилген аймактарда. (BTo)

XS
SM
MD
LG