Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Сулайманов: Өкмөт өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуунун себебин айтсын


Жалал-Абад шаарындагы блокпост. 4-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы блокпост. 4-апрель, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу маселесин карап жаткан жалпы сессияда өкмөт мүчөлөрү 25-марттан берки иштери боюнча маалымат бериши керек экенин айтты. Анын пикирин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шернияз да колдоду. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөттөн маалыматтарды кагаз жүзүндө берип, жарлыкты кийинки отурумда кароону сунуш кылды.

Парламент депутаттары азырынча бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалды аталган аймактарда 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде жарлык чыгарган. Жарлык Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG