Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Жээнбеков: Өзгөчө абал аргасыздан узартылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстанда оорунун жеткен чеги апрель айынын экинчи жарымына туура келерин адистер айтып жатканын белгиледи.

«Өзгөчө абал аргасыздан узартылууда. Жарандарыбыз кыйналып жатканын көрүп турабыз. Айрыкча күнүмдүк тамак-ашын таап, үй-бүлөсүн багып жаткан жарандарыбыз кыйналып жатышат. Карантин биздин экономикага да катуу терс таасирин тийгизди. Оору азая турган учурга жете элекпиз. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, бүгүн биз баарыбыз бир кайыктабыз», - деди президент.

Мамлекет башчы сөзүнүн башында өкмөттүн жаңыдан ант берген мүчөлөрүн куттуктап, алар оор учурда ишке киришкенин белгиледи. Алар билимин, тажрыйбасын, элге кызмат кылууга арнайт деген үмүтүн билдирди.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалды аталган аймактарда 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде жарлык чыгарган. Жарлык Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG