Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Фтизиатрия борборунун кызматкерлери коронавирус шартында иштөө ыкмаларын үйрөнүштү


Санжар Темирбеков.
Санжар Темирбеков.

Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун кызматкерлери коронавирус жуккан бейтаптар менен иштөөдө инфекциялык көзөмөлдү камсыз кылуу ыкмаларын үйрөнүштү. USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору алар үчүн атайын тренинг уюштурду.

Долбоордун адиси Санжар Темирбековдун айтымында, дарыгерлер менен медайымдардан турган эки топ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарынын негизинде чогултулган материалдар менен таанышып чыгышты. Кургак учукка чалдыккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери илдеттен коргонуунун жолдорун ансыз да билишери, бирок тренингде айтылгандар кошумча пайдалуу маалымат болгону белгиленди. Коронавирусту кургак учуктан айырмалай билүү, дезинфекциялоо, таштандыны жок кылуу сыяктуу темалар талкууланды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин багытын кайра караштырып жатканы кабарланган. Планга ылайык, эгер зарылчылык келип чыкса жалпы республикада 1943 орун (инфекциялык бөлүмдөрдө) коронавируска чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырылат. Алардын 254ү - реанимациялык орун.

Бишкектеги Фтизиатрия борборунун бир бөлүмү да COVID-19 вирусун жугузгандарды дарылоого ылайыкталып, даярдалган. Бул бөлүм өзүнчө имаратта жайгашкан. Ичинде 38 бейтап жата турган орун бар. (RK)

XS
SM
MD
LG