Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Боронов: Чет өлкөлөрдөн 6 миң кыргызстандык 35 чартердик рейс менен кайтарылды


Орусиянын аэропортунда учак күткөн мигранттар. Март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөдөгү жарандарды кайтаруу 2020-жылдын февраль айында Кытайдын Ухань шаарынан студенттерди алып келүү менен башталган. Ошондон бери Египет, Малайзия, Сауд Арабиясы, Түркия, Таиланд, Иран, Индия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 6 миңден ашуун кыргызстандыктар мекенине кайтарылып келген. Мындан тышкары Иранда калып калган айдоочулар өз машинелери менен Кыргызстанга жеткирилген.

Учурда Кыргызстанга 4371 жаран келе албай турат. Орусия, Украина, Беларус жана башка шериктеш өлкөлөрдө бүгүнкү күнү 2880 адам мекенине кайткысы келерин билдирип турат. Мындан тышкары Түркияда 487, Бириккен Араб Эмираттарында 350, Пакистанда 135 кыргыз жараны бар. Индиядан 121 кыргызстандык, Мальдив, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Белгия, Франция сыяктуу мамлекеттерде да мекенине кайтууну көздөп турган кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-апрелде парламентте билдирди.

Боронов аларды кайтарып келиш үчүн ошол өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү, аба компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, мүмкүнчүлүк болору менен бул аракет ишке ашарын айтты. Ошондой эле биринчи вице-премьер чет мамлекеттерден келген кыргызстандык жарандарды жайгаштырууга обсервацияда орун жетиштүү экенин билдирди.

Кыргызстан коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында бардык каттамдарды, анын ичинде аба каттамдарын убактылуу токтоткон. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG