Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Боронов: Нарында, Ат-Башыда оору күчөп кеткендиктен өзгөчө абал киргизүү зарыл


Нарын. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

«Өзүңүздөр билесиздер, акыркы күндөрү Ат-Башы районунда 19 адамдан илдет табылды. Ошондуктан аймактагы дарыгерлердин суранычы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен өзгөчө абал киргизүүгө аргасыз болдук».

15-апрелге карата Кыргызстанда вирус жуккан 19 адам жаңыдан табылды. Бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 киши болду. Булардын ичинен беш бейтап каза болгону мурда кабарланган. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны - 78 адам.

Оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 98 кишиге жетти.

Республика боюнча оору жуккан 449 адамдын арасынан:

Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош шаарында – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаарында – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6 адам катталган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG