Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын башчысы Алмаз Орозалиев депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамдагы «Өзгөчө абал тууралуу» беренеге ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломаттык макамы бар жарандар өткөрмө кагазы жок 24 саат бою эркин жүрө алышат. Депутат Тазабек Икрамов айрым посттордо депутаттардан күбөлүк сурап, өткөрмө кагаз талап кылган учурлар бар экенин айтып, нааразылыгын билдирди.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-07:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)