Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Акыйкатчы: Кечирим сурагандар биз менен байланышуудан баш тартууда


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Интернет аркылуу көйгөй тууралуу айтып, көп өтпөй кайра кечирим сурагандар менен байланыша албай жатат. Бул тууралуу омбудсмен Токон Мамытов 15-апрелде онлайн брифингде билдирди.

Мамытов укугу бузулгандар маселе тууралуу ачык айтышы керек деп эсептейт.

«Ал адамдар биз менен байланышка чыгуудан, окуянын чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартып жатышат. Эгер кимде-ким укугу бузулса, алардын маалыматы өкмөткө керек болууда. Республикалык штабга жеткириш керек. Адамдарды өз укугун коргоодон коркпоого чакырам. Биз дайыма силер мененбиз, силердин укугуңарды коргойбуз!» - деди ал.

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул үчүн социалдык түйүндөрдө УКМКны айыптап жатышат.

УКМК бул дооматтарга жооп кайтарып, «айрымдар дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус боюнча такталбаган маалымат таратып жана COVID-19га каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүп, өзүнө жеңил пиар кылууга аракет кылууда» деп билдирди.

15-апрелде соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 19 адамдан табылды, алардын 15и медицина кызматкери. Жалпысынан бул илдет 449 адамга жукту, алардын 98и дарыгер. (RK)

XS
SM
MD
LG