Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Акыйкатчы сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз тууралуу пикирин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов сөгүнгөнү видео аркылуу эл арасына тарап кеткен кыз тууралуу суроого жооп берип, эмоцияга алдырбаш керек экенин айтты.

15-апрелде акыйкатчы «Фейсбук» аркылуу түз байланышка чыгып, колдонуучулардын суроолоруна жооп берди.

Кыздын окуясы тууралуу ал сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоого чакырды:

«Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук кылбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда. Жазасын сот чечет».

Ошону менен катар Мамытов "Мен кызды актагым келбейт, бирок видеону чыгарып жиберген милиция туура эмес кылды. Ал жалгыз, милиционерлер төртөө экен. Балким, анын ошол кездеги психологиялык-эмоционалдык реакциясы ошондой болгондур. Психолог адисти тартып, эмне үчүн кыз андайга барганын териштириш керек болчу".

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлаган. Бул окуянын видеосу учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Кыздын өзү жана анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG