«Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жаңыдан ант берген вице-премьер-министр Аида Исмаилованы өкмөт мүчөсү катары милдетин аткарууга чакырды.
«Сиз депутат эмессиз, штабдын мүчөсү болуп туруп, социалдык тармак аркылуу штабга кайрылып атасыз. Анткениңиз болбойт. Кубатбек Айылчиевич, түшүндүрүп коюңузчу. Эртерээк ишке киришиңиз, фракцияны уят кылып жатасыз», - деди Марлен Маматалиев.
Биринчи вице-премьер-министр бул маселени эске аларын билдирди.
Жаңы дайындалган вице-премьер-министр Аида Исмаилованын ишине канааттанбаганын депутат Улукбек Ормонов да 15-апрелдеги жыйында билдирген.
«Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Аида Исмаилова 1-апрелден тартып депутаттык мандатын тапшырып, вице-премьер-министр болуп дайындалган. (ZKo)