Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Өкмөт: Айыл чарба тетиктери сатылган 80ден ашык дүкөн иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө айыл чарба техникасынын тетиктери сатылган 80ден ашык дүкөн иштеп жатат. Бул тууралуу 15-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындан тышкары жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз уюштуруу максатында буюртма аркылуу да сатуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Өкмөт «Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандардын буюртмасынын негизинде Бишкек шаарындагы дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен бирге облустарга айыл чарба техникасынын тетиктерин жеткирүү иши уюштурулду. Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы фермерлер техниканын запастык бөлүктөрүн Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алууда» деп маалымдады.

Ошондой эле Бишкекте «Кудайберген» базарындагы айыл чарба техникасынын тетиктерин сатуучу контейнерлерге өзгөчө абал убагында иштөөгө уруксат берилгени айтылды.

Коронавируска байланыштуу республиканын көпчүлүк аймактарында 25-мартта жарыяланган өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

Карантин маалында айрым дыйкан-фермерлер айдоого кетчү жолдор жабылганына нааразы болсо, башкалары чарбалык техниканын тетиктерин таба албай, кейип жатышат. Үрөн, көчөт издегендер да бар. Өкмөт бул маселелер чечилип жатканын жана айдоо жумуштары жарымдап калганын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG