Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

16-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-апрелде Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16; 

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15; 

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20; 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14; 

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13; 

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 14…16 градус болот. 

XS
SM
MD
LG