Кыргызстанда 3909 үй-бүлө көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев «Азаттыкка» билдирди. Адистин айтымына караганда алардын ичинен 2406 үй-бүлө Ош облусунун, 1367 үй-бүлө Жалал-Абад облусунун кооптуу деп саналган аймактарында.
Министрликтин мурдагы маалыматтарында кооптуу жерлерде жашаган 2 миңден ашык үй-бүлөгө коопсуз аймактардан жер жана ссуда берилгени, бирок кооптуу жайлардан толук көчүп кетпей жатканы кабарланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн деп эскертти.
Министрликтин буга чейинки маалыматтарына караганда өлкө аймагында жалпысынан жер көчкү, сел коркунучу бар 1200 аймак бар. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймактарында орун алган. Мындан тышкары Суусамыр, Чоң-Кемин, Тоң, Миң-Куш аймактарында Боом капчыгайы да көчкү, сел жүрүү коркунуч бар аймактардын катарына кирет. (MdN)