Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Украинада генерал Шайтанов тыңчылык үчүн шектүү катары камалды


Украин Коопсуздук кызматы Шайтановду Орусия 2014-жылы эле имерип алганын билдирди.
Украин Коопсуздук кызматы Шайтановду Орусия 2014-жылы эле имерип алганын билдирди.

Украинанын Коопсуздук кызматы бул мекеменин генерал-майору Валерий Шайтанов камакка алынганын кабарлады. Анда «генерал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен тымызын кызматташып жүргөн», деп айтылат.

Шайтановго «мамлекеттик чыккынчылык жана террорчулук» боюнча айып коюлду.

Украин атайын кызматы билдиргендей, Шайтанов Орусиянын тапшырмасы менен Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан, Жохар Дудаев атындагы ыктыярчылар батальонун жетектеген Адам Осмаевди өлтүрүүнү пландап жүргөн. Адам Осмаевге Орусияда президент Владимир Путинге кол салуу уюштурууга аракет кылган деп айып коюлган.

Украин коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Шайтановду Орусия 2014-жылы эле өзүнө имерип алган. Мекеменин башчысы Иван Баканов генералдын камалышын «өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң чоң кутумдун бетин ачуу» катары сыпаттады.

Орусия менен Шайтановдун жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.

Украинанын Коопсуздук кызматында Валерий Шайтанов «А» атайын операциялар борборунун - тандалма атайын бөлүгүнүн жетекчилеринин бири болгон.

XS
SM
MD
LG