Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Масалиев Жогорку Кеңешти депутаттардын айлыктан башка чыгашаларын азайтууга чакырды


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттү өзгөчө кырдаал учурунда парламент депутаттарынын айлыгын гана калтырып, калган чыгашаларын төлөбөөгө чакырды.

«Мындай оор кырдаалда машине, кызмат сапарлары жана башка чыгашалардан баш тартып тура алабыз. Айлык акыдан башкасын чектеп туруңуздар», - деди Масалиев.

Ошондой эле депутат Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы менен өкмөт башчынын атайын эсебиндеги 30 миллион сомду коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсепке которууну сунуш кылды.

Жогорку Кеңеште алты саясий партиядан шайланып келген 120 депутат бар.

Өткөн аптада айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сомдон ашыкча чыгымдай турганы жөнүндө маалымат тарап, парламент кескин сынга кабылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тескерисинче парламенттин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болорун билдирген. Маалыматка ылайык, акча аппарат кызматкерлеринин, эксперттердин иш сапарлары, кагаз-калем, имараттын ичиндеги пландалган оңдоп-түзөө иштери жана башка багыттар боюнча үнөмдөлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG