Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

«Медиа Полиси Институту»: Сөгүнгөнү Интернетке тараган кызга «Ээнбаштык» беренеси туура келбейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Сөгүнгөнү Интернетте тараган кыздын жоругу «Ээнбаштык» деген беренеге туура келбейт. Мындай пикирин 15-апрелде «Медиа Полиси Институту» уюму билдирди.

Уюм тараткан билдирүүдө «ошол видеону талдап чыгып, биз кыздын кылганы «Ээнбаштык» деген беренеге жатпайт деген бүтүмгө келдик. Бирок ички иштер органынын кызматкеринин өзгөчө абал учурундагы мыйзамдуу талабына баш ийбөө сыяктуу эреже бузууну көрүүгө болот (бул үчүн 3 миң сом айыппул салынат). Ошондой эле өзгөчө абалдын талабын бузуу бар (жазасы – алты айдан бир жылга чейин эркинен ажыратуудан тышкары 30-60 миң сом айыппул төлөө же 40-60 саат коомдук иштерге тартуу)», - деп айтылат.

Ошону менен катар уюм «Милиция кызматкери ал видеону таратканга укугу бар беле?» деген суроо коюп, бул үчүн мыйзамда өзүнчө жаза каралганын белгиледи.

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлады. Ал Жазык кодексинин «Ээнбаштык» деген беренеси боюнча айыпталууда.

Бул окуянын видеосу 13-апрелде Интернетке тарап, учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Кыздын өзү жана анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (25)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG