Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 10:42

Жогорку Кеңеш мигранттарды алып келиш үчүн өкмөткө бир жума мөөнөт берди


Аэропортто уча албай турган мигранттар. Апрель, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума убакыт берди. Бул тууралуу парламент 15-апрелдеги отурумда кабыл алган токтомдо айтылат.

Ошондой эле токтомдо өкмөткө чет мамлекеттерде калган кыргызстандык жарандарга жардам берүү, алардын укуктарын коргоонун үстүндө иштөө тапшырылды. Пандемияга байланыштуу чет жакта калууга аргасыз болуп жаткан кыргызстандыктарды колдош үчүн бюджеттен акча бөлүү милдеттендирилди.

Аткарылган иштер тууралуу өкмөт ар бейшембиде парламентке келип маалымат берүүгө тийиш.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 15-апрелге карата чет мамлекеттерден Кыргызстандын 4371 жараны келе албай жатат. Февраль айынан бери сыртта жүргөн 6 000 кыргызстандык жаран өкмөттүн күчү менен алынып келген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG