Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Парламент «ун мыйзамын» үч окууда кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жыйынында буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды.

«Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документтин автору, депутат Экмат Байбакпаев мыйзам ата мекендик дан өндүрүүчүлөрдү колдоп, ун аткезчилигин токтото турганын айтты.

«Өзүңөр билгендей, Кыргызстандын базарын Казакстандан аткезчилик менен ташылган ун ээлеп албадыбы», - деди Байбакпаев.

Документтин маалыматтык негиздемесине караганда, 2017-2019-жылдары буудайды импорттоо 80% азайып, Кыргызстанда ун өндүрүү 70% кемиген. Ошол эле мезгилде өлкөгө эсеби алынбай, салык төлөнбөй келип жаткан ун көбөйүп жатат.

Мисалы, 2017-жылы Кыргызстанга 240,5 миң тонна ун импорттолсо, 2018-жылы 78,4 миң тонна ун келген. Ал эми Кыргызстандын өзүндө 2017-жылы 259,2 миң тонна, 2018-жылы 181,3 миң тонна ун өндүрүлгөн. Ошол эле кезде өлкөдө унду жылдык орточо керектөө 690-700 миң тоннаны түзөт.

Экмат Байбакпаев ортодогу айырмачылык өтө эле чоң экенин, ун аткезчилиги Кыргызстандагы ун өндүргөн компанияларды чыгымга учуратып, адамдарды жумушсуз калтырып жатканын айтты. Анын сөзү боюнча, ушу тапта 62 комбинаттын болгону 11и иштеп жатат. Ушуга чейин 4 миң киши жумушунан ажырады.

Буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам 2025-жылга чейин иштеп, андан кийин күчүн жоготот.

Кыргызстанда 2015-жылы октябрь айында буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгы алынып ташталган. Бирок 2017-жылы «ал чечим ун жана дан азыктарын арзандатат деген үмүттү актабай, тескерисинче ун жаатында иш жүргүзгөн компанияларды гана байытты» деген жүйө менен кайра кошумча нарк салыгы киргизилген.

Кыргызстан буудайды жана унду негизинен Казакстандан импорттойт. Пандемиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан 26-марттан тартып дан жана дан азыктарын сыртка сатууга тыюу салган. Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен казак тарап айына 30 миң тоннадан ашык эмес ун чыгарып турууга уруксат берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG