Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Парламент "ун мыйзамын" үч окууда кабыл алды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары буудай ташууга жана ун өндүрүүгө 12 пайыздык кошумча нарк салыгын кайра киргизган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул боюнча демилге көтөргөн депутаттар азыр иштеп жаткан мыйзам эки жыл мурда парламенттеги айрым ун бизнесин калкалаган депутаттардын айынан өтүп кетип, мамлекеттик казынага миллиондогон сом түшпөй калды деген жүйө келтиришти.

Бул мыйзам ишке кирсе, ундун баасы кымбаттап, карапайым элге гана күч келерин айткан депутаттар да бар.

Бир ууч топко жазылган мыйзам беле?

Парламент сессиясындагы маалыматтарга караганда, бир жыл мурда ун өндүрүүчүлөргө салынган салыкты жеңилдетүүнүн айынан мамлекеттик казынага 680 миллион сом түшпөй калды.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, азыркы иштеп жаткан мыйзам ун жана дан азыктарын арзандатат деген үмүттү актаган жок, тескерисинче, ун жаатында иш жүргүзгөн компанияларды гана байытты.

Ошондуктан депутат Салык кодексине өзгөртүү киргизип, ун ташуучуларга салынган кошумча нарк салыгын калыбына келтирбесе, бюджеттин жоготуусу жылдан жылга көбөйө берерин айтты:

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

- Биз жеп жаткан азык-түлүктүн көбү сырттан келет, бирок бардыгына салык бар да. Урук буудай алып келсең салык төлөйсүң, жем катары буудай алып келсең да салык төлөйсүң. Анда эмне үчүн унга буудай алып келгенди салыктан бошотуп жатабыз? Эки жыл мурда эле "бул кызыкчылыгы бар күчтөрдүн, ун өндүрүүчүлөрдүн мыйзамы" деп айтып чыккам. Анткени бул коңшу мамлекеттердин буудай өндүрүүчүлөрүнүн мыйзамы болчу.

Депутат Бокоев, эгерде президент Атамбаев бул мыйзам тууралуу ооз ачпаганда өкмөт жана башка депутаттар жыл башында эле күн тартибине кирген бул мыйзам долбоору тууралуу үн катмак эмес деген пикирде.

Атамбаев: "ун мыкчыгерлери" грантты токтотту

Президент Алмазбек Атамбаев чындыгында эле акыркы кезде депутаттар арасындагы “ун мыкчыгерлеринин” айынан мамлекеттик казына кертилип жатканын көбүрөөк белгилей баштаган. 20-ноябрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында ал мындай деген эле:

- Парламентте “үч бай тегирменчи” отурат. Ал “ун мыкчыгерлери” өлкө кызыкчылыгына каршы иш алып барууда. Эми алардын айынан бюджетке миллиард сомдой кошумча акча түшпөй калчудай болуп турат. Бул акча Эл аралык валюта фонду тарабынан грант катары келмек. Албетте, бул өкүнүчтүү окуя болуп жатпайбы.

Эл аралык валюта фонду
Эл аралык валюта фонду

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков буудайдын импортуна жана ун өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгын киргизүү Эл аралык валюта фондунун бирден бир талабы болгонун айтты. Эгер буудай жана ун ташуучуларга карата кошумча нарк салыгы жоюлбаганда, Кыргызстан гранттык акчаны жазында эле алып калмак.

- Эл аралык валюта фондунун программасынын алкагында бюджетке кошумча 26 миллион доллар түшөт деп эсептелген. Анын натыйжасында биз буудай менен ун импортуна кошумча нарк салыгын киргизебиз деп милдеттенме алганбыз. Бирок маселе созулуп жүрүп ушул мөөнөткө жеттик.

Ушундан улам парламентте депутаттар ун ташуучуларга жеңилдик берүүнүн шылтоосу менен эки жыл мурда мыйзамды жазган кызыкчылыгы бар күчтөрдү жазалаш керек экенин айта башташты.

Мыйзамды кимдер калкалаган?

Депутат Алтынбек Сулайманов кезегинде “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана КСДП фракцияларынын алдыңкы депутаттары бул мыйзамды коргоп чыкканын айтып, алардын башында ошол кездеги төрага Чыныбай Турсунбеков турган дейт.

Ал эми экономика министри Артем Новиков мыйзамдын таржымалына токтолуп, мыйзамды өзгөртүүгө тиешеси бар депутаттардын аттарын атады:

- 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда, бажы көзөмөлү жоюлуп, ун менен буудайдын импортун каттоо мүмкүн эмес болчу. Ошол кезде "биздин ун өндүрүшү атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн" деген жүйө менен буудайга карата кошумча нарк салыгын жоюуну сунуш кылганбыз. Бул салык буудайга кирбегени менен ун болуп сатыкка чыкканда кайра жыйналып алынмак. Кийин депутат Дастан Жумабеков менен Мирлан Бакировдун сунушу аркылуу унга дагы нарк салыгын жоюп салуу тууралуу демилге көтөрүлүп, парламент аны колдоп берген.

архив
архив

Өз кезегинде депутат Мирлан Бакиров "ун өндүрүүчүлөргө карата кошумча нарк салыгын жоюу менен Кыргызстан өзүнүн ун өндүрүшүн жана жумушчу орундарды сактап калды" деген оюн билдирди.

Ал эми парламент төрагасы Дастан Жумабеков кошумча нарк салыгын киргизүүдөн улам буудай менен ун 12 пайызга кымбаттай турганын кошумчалады.

- Ал акчаны ишкерлер өз чөнтөгүнөн чыгарбайт. Демек, айланып келип ундун баасы 12 пайызга көтөрүлүп, жөнөкөй элге күч келет. Мына ушундай өңүттөгү ишкерлердин кайрылуусунун негизинде эки жыл мурун бул мыйзам иштелип чыккан. Эл үчүн, элге арзан ун жетсин деген ой менен мен мыйзамды колдогон болчумун.

Мыйзам президенттен да өтүп кеткен

Анткен менен казынага түшчү 680 миллион сомго тоскоол болгондорду жазалоо тууралуу сунушту саясатчы Равшан Жээнбеков популизм катары баалады. Анын пикиринде, бюджетке кыянаттык кылгандарды тыкыр иликтей турган болсо, анын башында ошол мыйзамга кол койгону үчүн президенттин өзүнө сөз тиет:

- Биринчиден, ошол ун бизнесинде жүргөн депутаттарды президент өзү парламентке алып келген. Алардын бардыгы президенттин айтканынан чыкпайт. Экинчиден, президент мыйзамга кол коердо долбоордун аналитикалык-эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн аныктачу кызматтары сунуш киргизет. Демек, президент мыйзамга кол коюу менен казынага акча түшпөй каларын билген жана билип туруп кол койгон.

2015-жылы талкууланып, 2016-жылы кабыл алынган, ун өндүрүүчү ишканаларды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын 1-июлунда гана күчүн жоготмок. Эми аны өзгөртүү тууралуу учурда сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун Эл аралык валюта фондунун талабынан соң депутаттар өткөн жумада экинчи окууда кабыл алып, 22-ноябрда үчүнчү окууда добушка коюлуп, кабыл алынды.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2016-жылы Кыргызстанга 300 миң тоннадан ашуун буудай кирип, анын жалпы суммасы 2 млрд. 800 миң сомду түзгөн. Салык кодексиндеги жеңилдиктерге ылайык импорттолгон буудайдан кошумча нарк салыгы алынган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG