Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Кыргызстанга тыштан ташылган буудайдан кошумча нарк салыгын киргизүү аракети талаш жаратты.

Өкмөттүн колдоосуна алынган долбоордун автору, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Жогорку Кеңештин төрагасы бут тосуп жатат деп билдирди. Төрага Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү ишкерлер менен пикирдеш болуп, бул долбоор ишке ашса тегирменчилер зыян тартат деп жатат.

Импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү парламенттеги эң кызуу талкууланган маселеге айланды. Мындай мыйзам долбоорду "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев иштеп чыгып, парламентке сунуштаган. Ал өз демилгесин жергиликтүү дыйкандарды колдоо жана бюджетке кошумча каражат табуу аракети менен түшүндүрүүдө.

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Бирок Кенжебек Бокоев аталган мыйзам долбоорду парламенттин акыркы эки жыйынында добуш берүүгө чыгарбай, атайлап бут тосуп жатат деп төрага Чыныбай Турсунбековду айыптап чыкты. Депутаттын жүйөсүндө, мындай аракет айрым бизнес кызыкчылыктар менен байланыштуу болууда:

- Бир эле максат каникулга чейин мыйзамды өтпөсүн деген болууда. Анткени каникулга чейин өтпөй калса, дагы эки ай убакыт алат. Бул ачык эле лобби болууда. Мен бул мыйзамды көтөрүп, биринчиден, лобби болбосун деген максатты көздөп жатам. Жүздөгөн товарлардын ичинен эмне үчүн бир эле буудайдан кошумча нарк салыгы алынат?

Бокоев Жогорку Кеңеш төрагасы буга чейин ун бизнеси менен алектенип келгенин айтып, жеке кызыкчылык деп кыйытууда. Депутат импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгы кайрадан киргизилсе, өлкө бюджетине жылына 500 миллион сом каражат түшөт деп кошумчалады.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков болсо парламентте атайын билдирүү менен чыгып, бул маселени айрым күчтөр ашкере саясатташтырып жатканын белгиледи. Турсунбеков бул маселе боюнча эч кандай жеке кызыкчылыгы жок экенин айтты:

- Тилекке каршы, бул мыйзам кабыл алынган күндөн тарта саясатташып келе жатат. Максат бүтүндөй бир тармактан бар болушу же жок болушу жөнүндө болду эле. Учурунда өкмөт өзүбүздүн ун өндүрүүчүлөрдү колдойбуз деген жакшы тилек менен алып келген. Бирок негедир айрым адамдар же оюнуна жаман нерселер келдиби, же бир ушак угуп калганбы, бир-эки адамдын тегерегине байлап эле, ушулар пайда көрүп жатат деген ой менен түн уйкусун бөлүп келатат.

Чыныбай Турсунбеков маселе өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоого байланыштуу экенин, мындан саясат жасоого эч негиз жоктугун айтууда.

Парламент төрагасынын жүйөлөрүн жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр колдошууда. Маселен, Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев Кыргызстанда ун өндүрүү соңку үч жылда 70 пайызга кыскарганын билдирди. Буга Казакстандан аткезчилик жол менен ун ташылып келип, арзан баада сатылып жатканы себеп катары көрсөтүп, жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр мамлекеттин көмөгүнө муктаж экенин айтты:

- Биздин атамекендик өндүрүшчүлөр 2014-жылы 350 миң тонна ун чыгарган. 2015-жылы 273 миң, 2016-жылы 232 миңден ашуун, ал эми 2017-жылдын үч айында 64 миң тоннага жакын ун өндүрүп жатат. Бул өндүрүш 70 пайызга түшүп кетти дегенди билдирет. Көбүнчө жарандар Казакстандан көмүскө келген ун менен камсыз болуп жатат. Азыр өлкөнүн түштүгүндө ун чыгарган комбинаттын баары токтоду. Ал эми түндүктө 9-10у иштеп атат. Алар дагы бир ай иштеп, үч ай токтоп турат.

Анткен менен импорттук буудайдан салык алууну өкмөт колдоп, тиешелүү мыйзамды кабыл алууга чакырууда. Маселен, айыл чарба жана мелорация министри Нурбек Мурашевдин "Азаттыкка" мындай чараны жергиликтүү дыйкандарды колдоо аракети менен негиздеди:

- Бул чара туура болууда. Биринчи кезекте ата мекендик дыйкан-фермерлерди колдоо болуп эсептелет. Себеби биздин негизги атаандашыбыз Казакстанда болуп жатпайбы. Ал жактан буудай кирсе, биздики алынбай калат. Ал эми биздин дыйкандар татыктуу баада сатышы керек да. Азык-түлүк коопсуздугун сактоо менен бирге эл өстүрүп жаткан буудайды ун комбинаттары алышы керек.

2015-жылы сырттан ташылган буудай жана андан чыгарылган ундан да кошумча нарк салыгы алынып салынган. Бул жергиликтүү ун өндүрүшчүлөрдүн казакстандык өндүрүшчүлөр менен атаандашуусуна шарт түзүү максатын көздөрү айтылган. Мындай чара 2018-жылга чейин сакталышы керек болчу.

Ошол эле кезде айрым эксперттер импорттук буудайдан салык алуу чарбалык маселеден саясий маселеге айланганын белгилешет.

Алар мындай кырдаалды өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков ортосундагы президенттикке талапкердикке байланышкан тымызын тиреши катары баалашууда. Алардын бири саясий эксперт Медет Түлегенов:

- Бул эми кайсы бир деңгээлде дал келүүчүлүк болуп жатат. Себеби учурдагы мезгилге ылайык, ун, дан сыяктуу маселелерди чечүү керек. Экинчи жагынан бул ички сүйлөшүүлөр, процесстердин коомчулукка көрүнүп калган элементи болушу мүмкүн. Бул менен жеке оюм. Балким бул кайсы бир жакка басым көрсөтүүнүн да жолу болушу мүмкүн.

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду талапкер катары президенттик шайлоого чыгарарын жарыялаган. Партиянын съезди кийинки апталарда өтөрү айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG