Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

Валюта алмаштыруу бюролорун жабуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу сунушталууда. Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда Улуттук банктын лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъектилеринин тизмесинен акча алмаштыруу жайларын алып салуу жана накталай чет өлкөлүк валюта менен алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу укугун насыя уюмдарына (мындай операцияларга тийиштүү лицензиялары бар банктарга, насыя бирикмелерине, чакан финансы жана чакан насыя компанияларына) калтыруу зарыл экендиги айтылат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул жайлар дүйнөдөгү экономикалык кризистен жана коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн абалдан пайдаланып, доллардын курсун негизсиз аныктап, жасалма чыңалууну жана валютанын кымбатташын шарттаганы айтылат.

Ошону менен катар Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарынын алкагында 2019-жыл үчүн жана 2020-жылдын башында 15 бюронун лицензиясын кайтарып алганы, 129 бюронун лицензиясынын жарамдуулугун токтоткону, ошондой эле 15 эскертүү жана 220 жазма эскертүү жөнөткөнү белгиленди.

Мыйзам долбоору «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешени мыйзамдлегалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына жана Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Сунуштун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев.

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар.

Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарганда акча алмаштыруучу жайлардын өкүлдөрү башкы банк бир долларды 84,85 сомдук курс менен сатканын кабарлашкан.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG