Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Штаб дезинфекциялоо иштери күчөтүлөрүн билдирди


Блокпосттогу милиционер. Ош шаары. 15-апрель. Сүрөт Ош ШИИБинин басма сөз кызматына таандык.
Блокпосттогу милиционер. Ош шаары. 15-апрель. Сүрөт Ош ШИИБинин басма сөз кызматына таандык.

Өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда коомдук жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү, тейлөөчү мекемелердин имараттары, банктардын терминалдары орнотулган жайлар, коронавирус чыккан жерлердеги турак үйлөр үзгүлтүксүз дезинфекцияланат. Мындай тапшырма 15-апрелде Ички иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин тиешелүү жетекчилеринин, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын коменданттарынын, өзгөчө абалдагы аймактардын жергиликтүү бийлик башчыларынын катышуусунда өткөн жыйында берилди. Жыйынды вице-премьер-министр Акрам Мадумаров алып барды.

Жыйында мындан тышкары жергиликтүү бийлик элди азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттендирилди.

COVID-19 вирусу Кыргызстанда алгачкы жолу 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургунунан табылган.

16-апрелге карата Кыргызстанда вирус 17 адамда жаңыдан аныкталды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 466 адамга жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларынан болуп жатат.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал жаңы киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG