Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Үсөнбаев: Апрель-майда эки миңдей кыргыз жараны мекенине алынып келет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз бийлиги айрым чет жактагы жарандарын алып келиш үчүн автобус жөнөттү. Бул тууралуу 16-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал кайсы аймактарга автобус жөнөтүлгөнүн тактап айткан жок, бирок апрель-майда эки миңдей кыргыз жараны мекенине келерин кошумчалады:

«Новосибирскиде консул биздин адамдарга атайын барып, алар менен жолугуп жатат. Жакын арада каалоочуларды алып келүү маселеси чечилет. Пландалып, жогорку деңгээлде чечилди. Кээ бир жактарга автобустар жөнөтүлдү. Эки миңдей мекендешибиз апрель-майда өлкөгө алынып келет».

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371 адам келе албай жатканын, алардын 2116сы Орусияда экенин билдирди. (RK) 

XS
SM
MD
LG