Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Ош коменданты: Журналисттердин маалымат алышына чек жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош комендатурасына караштуу басма сөз борбору иштеп жатат, анда бардык маалыматтар ачык, журналисттер каалаган учурда кайрылса болот. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 16-апрелде брифингде «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал президенттик аппараттан «комендатуралар журналисттер менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек» деген сунуш келип түшкөнүн ырастады:

«Мындай сунуш келген. Бирок биз медицина кызматкерлери койгон алгоритмдин негизинде иштеп жатабыз, ошондуктан аны бузууга укугубуз жок. Ал эми бардык маалыматтарды биздин комендатуранын карамагындагы басма сөз борборунан алсаңар болот».

Президенттик аппарат Коронавируска каршы республикалык штаб жана жер-жерлердеги комендатуралар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуш кылганы 14-апрелде маалым болду. Анда журналисттерди өзгөчө абал учурунда аккредитациялоо маселеси кайра каралышы зарыл экени белгиленген.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бул сунуш боюнча республикалык штабга кайрылуу зарыл экенин 16-апрелдеги брифингде билдирди. Штаб азырынча маалымат бере элек.

Коронавирус оорусуна байланыштуу көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыялангандан кийин мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG