Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Ташкент «Cotton Campaign» уюмун өзбек пахтасын сатууга жолтоо болбоого чакырды


Пахта терим. Иллюстрациялык сүрөт.
Пахта терим. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын элди жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери боюнча министри Нозим Хусанов 15-апрелде өзбек пахтасы менен матасына бойкот жарыялаган «Cotton Campaign» эл аралык коалициясына ачык кат жазды. Анда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өлкөнүн экономикасы, калктын саламаттыгы болуп көрбөгөндөй, эки эсе коркунучка кабылганы айтылат. Кошумча жумуш орундары, киреше болбосо абал алда канча оорлой турганы, Өзбекстан пахта талааларында балдарды жана жарандарды мажбурлап иштетүү өнөкөтүнөн арылганы белгиленген.

Эл аралык «Cotton Campaign» («Пахта компаниясы») коалициясына эмгек жана укук коргоо уюмдары, инвесторлор, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кирет. Бирикме балдардын эмгегин колдонуп, жарандарды мажбурлап иштетүү көрүнүшүнөн улам 2010-жылы өзбек пахтасына бойкот жарыялаган. Акцияны 100дөн ашык дүйнөлүк бренддер колдогон.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери пахта талааларында элди мажбурлап иштетүүгө каршы бир катар чечимдерди кабыл алган. Бирок жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мындай көрүнүш жоюла элек экенин, айрым аймактарда мурдагыдай эле ыкмалар колдонулуп жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG