Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

Кыргыз өкмөтү Түркиядан жарандарды алып келүү аракетин баштады


Аэропортто учак күткөн мигранттар. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Аэропортто учак күткөн мигранттар. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери өз жарандарын алып кетүүгө чартердик каттам уюштуруу жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев маалымдады.

Сүйлөшүү онлайн видео жыйын форматында болду.

«Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглуга учак каттамдары токтоп калганына байланыштуу Түркияда жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен кыргызстандыктардан айып пул албоо тууралуу чечим үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары тараптар кызматташуунун маанилүү маселелерин, Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттери 10-апрелде өткөргөн жыйындын чечимдерин аткаруу жөнүндө сөз кылышты», - деди Уланбек Дыйканбаев.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус пандемиясына каршы чогуу күрөшүүнүн артыкчылыктарын белгиледи. Тараптар COVID-19 вирусун дарылоо жана алдын алуу боюнча биргелешип онлайн кеңешмелер уюштурууну макулдашты.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Түркиядан Кыргызстанга келе албай жаткан 487 жаран бар. Өкмөт аларды жана башка чет мамлекеттерден келе албай жаткан 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирүүдө.

15-апрелде Жогорку Кеңеш атайын токтом менен сырттагы мигранттарды алып келүү маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG